Электр эсептегичтеринин көрсөткүчтөрү SMS же WhatsApp аркылуу гана кабыл алынат

Электр эсептегичтеринин көрсөткүчтөрү SMS же WhatsApp аркылуу гана кабыл алынат. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, контролерлор коронавирусту алдын алуу максатында, эми үймө үй кыдырбайт.   Инспектордун телефон номурун бөлүштүрүүчү компаниянын чалуу борборунан тактап алса болот. Электр эсептегичтердин көрсөткүчтөрү ар бир айдын 28инен тарта кабыл алынат.

Кыргызстандагы сот органдары кадимки режимде иштей берет

Кыргызстандагы сот органдары кадимки режимде иштей берет. Жогорку соттон билдиришкендей, залдар байма-бай дезинфекцияланып жатат. Коронавирусту алдын алуу үчүн жасалып жаткан иштер соттордун ишине тоскоолдук жараткан жок.   Бирок,  процесстерге жактоочулар, жооптуу тараптар, жабыркагандар жана мамлекеттик күнөө коюучулар гана киргизилмей болду.

Россия Кыргызстанга 10 миң адамды текшерүү үчүн тест-системаларды тапшырды

Россия Кыргызстанга 10 миң адамды текшерүү үчүн тест-системаларды тапшырды. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигинен билдиришти.   Белгилеп кетсек, гуманитардык жардам эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүгүнүн алкагында көрсөтүлдү. Буга чейин Россия Кыргызстанга 7,5 миң тест-система тапшырган.

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Каржы министрлиги адында ачылган атайын эсепке түшкөн каражат өз максатында колдонулат

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Каржы министрлиги адында ачылган атайын эсепке түшкөн каражат өз максатында колдонулат. Буга өкмөт аппаратынан ишендиришүүдө.   Министрлер кабинетинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата юридикалык жана физикалык тараптардан которулуп жаткан акча сарптала элек. Каражаттын туура багытталышына Байкоо кеңеши көз салат. Соңку маалыматтарга ылайык,… Кененирээк…

Коронавирус менен күрөшүүгө Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинен  1 миллиард 686 миллион сом бөлүндү

Коронавирус менен күрөшүүгө Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинен  1 миллиард 686 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдайт.   Каражат Саламаттыкты сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтерине тапшырылат. Ошондой эле, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого дагы акча бөлүнөт. Белгилеп кетсек, зарыл болсо, өкмөт дагы каражат бөлүп берет.

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, жарык эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин Патрис Лумумба, Кайназаров, Тоголок Молдо, Токтогул, Москва, Панфилов көчөлөрүндө, Арча-Бешик конушунда, Мраморное, Пригородное, Лебединовка, Восток, Сокулук айылдарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Кыргызстан мектептеринде 4-чейрек аралыктан окутулушу мүмкүн

Кыргызстан мектептеринде 4-чейрек аралыктан окутулушу мүмкүн. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, коронавируска байланыштуу киргизилген каникулдар узартылса, 8-апрелден тарта окуучулар дистанттык негизде окутулат.   Сабактар атайын түзүлгөн жадыбалдын негизинде  телеканалдар аркылуу берилет. Ушул эле видеосабактар Ютубга жүктөлөт.   Учурда Бишкек жана Ош шаарларынан тандалып алынган мугалимдер… Кененирээк…

Коронавирус боюнча бардык маалыматты билүү үчүн атайын сайт ишке кирди

Коронавирус боюнча бардык маалыматты билүү үчүн атайын сайт ишке кирди. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, бул үчүн covid.kg сайты жеткиликтүү.   Анда жарандарга Кыргызстандагы коронавирус боюнча такталган гана маалыматтар сунушталат. Ошондой эле, анда түз байланыш номурлары дагы бар. Эске салсак, Кыргызстанда коронавирусту 16… Кененирээк…

Бишкекте 12 санитардык пост орнотулду

Бишкекте 12 санитардык пост орнотулду. Мэриянын маалыматына ылайык, эми ордо калаага кирип-чыккандар пост аркылуу гана өтө алышат. Каттап жаткандардын ден соолугунун абалы жана сапарынын максаты такталат.   Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери күзөттө турат.