Россия Кыргызстанга 10 миң адамды текшерүү үчүн тест-системаларды тапшырды. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигинен билдиришти.
Белгилеп кетсек, гуманитардык жардам эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүгүнүн алкагында көрсөтүлдү. Буга чейин Россия Кыргызстанга 7,5 миң тест-система тапшырган.