Бишкекте батирлерге кайрадан жылуулук бериле баштады

Бишкекте батирлерге кайрадан жылуулук бериле баштады. Тиешелүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койду. 23-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, 25-27-мартта Кыргызстандын аймагында аба ырайы туруксуз болорун эскерткен.   Жылуулук берүү сезону күн жылыганына байланыштуу 19-мартта токтотулган болчу.

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп, андан айыккандардын саны 101 миңден ашты

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп, андан айыккандардын саны 101 миңден ашты. Чет элдик ММКлар билдиришкендей, орточо эсеп менен, күнүнө 3 миңден ашык адам дарттан кутулууда.   Ал эми учурда вирус  менен  жалпысынан 381 миң 293 адам күрөшүп жатат. Анын 16сы Кыргызстанга туура келет. Ал эми эң көбү… Кененирээк…

Бишкектин коммуналдык кызматтары күчөтүлгөн тартипке өтүүдө

Бишкектин коммуналдык кызматтары күчөтүлгөн тартипке өтүүдө. Вице-мэр Мирлан Амантуров район акимерине ар бир көчөдө, короодо, кварталда жана райондо вирустун алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды.   “Бишкек шаардык лифт” ишканасы лифттердин ичин антисептикалык каражаттар менен тазалап чыгат. Ошондой эле, эс алуу аймактары жана таштанды челектери дезинфекцияланууда.

Бишкек — Кара-Балта темир жол каттамы убактылуу токтотулду

Бишкек — Кара-Балта темир жол каттамы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Андан белгилешкендей, бул Кыргызстанда киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу.   Бул каттам боюнча поезддер бүгүнтөн тарта жүрбөйт.

Бишкек, Ош жана Жалал-Абаддын аймагында өзгөчө абал киргизилди

Бишкек, Ош жана Жалал-Абаддын аймагында өзгөчө абал киргизилди. Коронавируска байланыштуу чечимди президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алды.   Ошондой эле, өзгөчө абал Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу, Жалал-Абаддын Сузак райондорунда күчүндө болот. Өзгөчө абал эртең таңкы саат 8де киргизилип, 15-апрелге чейин созулат.   Ар бир аймакка коменданттар… Кененирээк…

Мекеге зыяратчыларды коштоп баруучу ажы башчыларды каттоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Мекеге зыяратчыларды коштоп баруучу ажы башчыларды каттоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Novosti.kgге  Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, коронавируска байланыштуу, Сауд Арабиясынан ажылык сапарга тиешелүү бардык процесстерди жайлатуу сунушу берилди.   Андыктан, ажы башчыларды каттоо токтотулду.   Эске салсак, быйыл Кыргызстанга 6 миң 110 квота бөлүнгөн.

Кыргызстандыктардын жашаган жери боюнча даректи эми онлайн түрүндө текшерсе болот

Кыргызстандыктардын жашаган жери боюнча даректи эми онлайн түрүндө текшерсе болот. Мамлекеттик каттоо кызматынан 24 агенттигине билдиришкендей, жаңычылдык электрондук кызматтардын порталында жеткиликтүү.   Бул өлкө аймагында санитардык-эпидемиологиялык посттордо жарандардын жеке маалыматын телефон аркылуу эле ыкчам текшерүү үчүн киргизилди. Бул үчүн биометрикалык паспорттогу ПИН кодду терүү керек.

Ошто таксилер дагы токтотулат

Ошто таксилер дагы токтотулат. Мэрия жүргүнчү ташып иштеген айдоочуларга үйдөн чыкпай отурууну сунуштайт. Калаа жетекчиси Таалайбек Сарыбашовдун буйругуна ылайык, шаарга кире турган жети жерге санитардык-карантиндик пост орнотулду.   Аларда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, айдоочулардын дене табы өлчөнүп жатат. Кыргызстанда 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал киргизди. Бишкекте жана… Кененирээк…

Чындыкка дал келбеген маалыматтарды тараткандар катуу жазаланышы керек

Чындыкка дал келбеген маалыматтарды тараткандар катуу жазаланышы керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алып, билдирди.   Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал тууралуу чындыкка дал келбеген, чагымчыл маалыматтарга өз маалында бөгөт коюу зарыл. Мындай адамдар тиешелүү мыйзамдарга ылайык катуу жоопкерчиликке тартылышы керек”, … Кененирээк…

Бишкекте өзгөчө абал киргизилет

Бишкекте өзгөчө абал киргизилет. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ага ылайык, 25-мартта таңкы саат 8ден 15-апрелдин таңкы саат 8ине чейин ордо калаада коменданттык саат киргизилип, жарандардын жүрүүсүнө жана транспорт кыймылына чектөөлөр киргизилет.   Коомдук жайлар, стратегиялык объектилер кайтарууга алынат. Ал эми уюм, ишкана,… Кененирээк…