Кыргызстан мектептеринде 4-чейрек аралыктан окутулушу мүмкүн

Кыргызстан мектептеринде 4-чейрек аралыктан окутулушу мүмкүн. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, коронавируска байланыштуу киргизилген каникулдар узартылса, 8-апрелден тарта окуучулар дистанттык негизде окутулат.

 

Сабактар атайын түзүлгөн жадыбалдын негизинде  телеканалдар аркылуу берилет. Ушул эле видеосабактар Ютубга жүктөлөт.

 

Учурда Бишкек жана Ош шаарларынан тандалып алынган мугалимдер видеосабактарды даярдоого катышууда. Ал эми жогорку окуу жайлары 16-марттан тарта онлайн технологияларынын жардамы менен аралыктан билим берүү режимине өттү.