Коронавирус менен күрөшүүгө Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинен 1 миллиард 686 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдайт.
Каражат Саламаттыкты сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтерине тапшырылат. Ошондой эле, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого дагы акча бөлүнөт. Белгилеп кетсек, зарыл болсо, өкмөт дагы каражат бөлүп берет.