Бишкекте 12 санитардык пост орнотулду. Мэриянын маалыматына ылайык, эми ордо калаага кирип-чыккандар пост аркылуу гана өтө алышат. Каттап жаткандардын ден соолугунун абалы жана сапарынын максаты такталат.
Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери күзөттө турат.