Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Каржы министрлиги адында ачылган атайын эсепке түшкөн каражат өз максатында колдонулат

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Каржы министрлиги адында ачылган атайын эсепке түшкөн каражат өз максатында колдонулат. Буга өкмөт аппаратынан ишендиришүүдө.

 

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата юридикалык жана физикалык тараптардан которулуп жаткан акча сарптала элек. Каражаттын туура багытталышына Байкоо кеңеши көз салат. Соңку маалыматтарга ылайык, атайын эсепте 8,5 миллион сом чогулду.