Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кар массалары Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка, Красная Горка-Ак-Таш, Казарман-Актал-Чат жана Каракол-Эңилчек трассаларында түшүшү мүмкүн.

 

Айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.