Ошто 28 кичи автобус күн сайын дарыгерлерди ташып жатат

Ошто 28 кичи автобус күн сайын дарыгерлерди ташып жатат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, алар 8 оорукана жана 12 үй-бүлөлүк медицина борборлорун тейлөөдө.

 

Мэрдин буйругу менен алар медицина кызматкерлерин үйлөрүнөн алып келип, кайра жеткирүүдө. Күйүүчү-майлоочу материал менен муниципалитет камсыздап жатат.