Бишкекте коменданттык саат эрежелерин бузган 157 адам кармалды

Бишкекте коменданттык саат эрежелерин бузган 157 адам кармалды. Тартип бузгандар тиешелүү айып төлөп бошотулат. Бул тууралуу ордо калаа коменданты Алмазбек Орозалиев маалымдады.

 

Бишкекке жалпы жонунан 120 пост коюлган. Анын ичинен 79у санитардык-карантиндик, ал эми 41 пост шаарды курчап турат.

 

15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилди.