Кыргызстанда коронавируска каршы атайын эсепке түшкөн акчанын жалпы суммасы 49 миллион 520 миң сомду түздү. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.
Эсеп илдетке каршы күрөш иштерин жүргүзүүгө жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу төлөмдөрдү жана кайтарымсыз каражаттарды кабыл алуу үчүн ачылган.
Кыргызстанда 27-мартка карата COVID-19 вирусу жуккан 58 адам аныкталды. Алар Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын ооруканаларында дарыланууда.