Кыргызстанда коронавирустан улам түзүлгөн кырдаал социалдык төлөмдөрдүн тартибине тоскоолдук жараткан жок

Кыргызстанда коронавирустан улам түзүлгөн кырдаал социалдык төлөмдөрдүн тартибине тоскоолдук жараткан жок. Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева билдиргендей, эмгек акы, жөлөкпул боюнча бардык төлөмдөрөз убагында берилип жатат.

 

Буга чейин өлкө жетекчилиги дүйнөдөгү коронавирус пандемиясы Кыргызстандын экономикасына терс таасир тийгизип жатканын айтып, Эл аралык Валюта Фондунан, Европа Биримдигинен, Азия өнүктүрүү банкынан жардам сураган.