Бишкектеги карантиндик аймак башка райондорго дагы жылдырылат

Бишкектеги карантиндик аймак башка райондорго дагы жылдырылат. Ордо калаа коменданты Алмазбек Орозалиевдин айтымында, учурда 7-апрель, Ахунбаев, Бакаев, Салиева, Осмонкул көчөлөрүн, Жибек Жолу проспекти жана Жаш Гвардия бульвары менен чектелген аймак жабык. Кийин башка аймактар дагы дезинфекцияга чектелет.

 

Эске салсак, учурда тазаланып жаткан көчөлөргө унаалар жана жөө жүрүүчүлөр киргизилбей, чыгарылбайт. Мамлекеттик кызматкерлер, дарыгерлер, милиционерлер жана азык-түлүк ташыгандардын кыймылына чектөө жок.