Бишкек, Ош жана Жалал-Абаддын соттору ишин токтотту

Бишкек, Ош жана Жалал-Абаддын соттору ишин токтотту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма-сөз кызматынан билдиришти. Мындай чечим коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу.

 

Андан тышкары, Чүй облусунун райондук жана облустук соттору  дагы иштебейт. Адилет органдары бир жумалык карантинге чыгууда. Бирок сот имараттарында күнү-түнү нөөмөт уюштурулат.