Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Кыргызсгидрометтин маалыматына ылайык, 13-апрелден 16-апрелге чейин аба-ырайынын начар шарттарына байланыштуу, тоолуу аймактарда кар массалары түшүшү мүмкүн.   Айдоочуларга Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Каракол-Эңилчек трассаларында этият болуу сунушталат. Унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралык сакталышы керек.

Республиканын ашууларындагы жолдор кардан тазаланууда

Республиканын ашууларындагы жолдор кардан тазаланууда.   Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда, Бишкек-Ош трассасындагы Алабел ашуусунда, Ош-Сарыташ  унаа жолундагы Талдык ашуусунда, Каракол-Энилчек жолунун Чон-Ашуу ашуусунда кар тазаланып, инерттүү материалдар себилди.   Иштерге атайын техника жана жолчулар тартылган.

Бишкекте банк терминалын уурдоого шектүүлөр кармалды

Бишкекте банк терминалын уурдоого шектүүлөр кармалды.   Бул тууралуу ордо калаа комендатурасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 23, 29 жана 30 жаштагы 3 эркек убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. Тергөө жүрүүдө. Эске салсак,   7-апрелде коменданттык саат учурунда банк терминалы уурдалган.   Анын ичинде  61 миң сом бар болчу.… Кененирээк…

Казакстанда коронавируска кабылгандар 911ге жетип, анын 86сы айыкты

Коңшу Казакстанда коронавирус менен ооругандардын саны жалпы 911ге жетти. Анын 86сы илдеттен айыкса, 10у каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн штабы билдирди деп жазышат казак басылмалары.   Жабыркагандар төмөнкү аймактардын тургундары:   Нур-Султан шаарында — 249; Алматы шаарында — 145; Кызыл-Ордо облусунда — 117; Акмола… Кененирээк…

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси алмашты

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канатбек Абдыкеримов кызматтан бошотулуп, ордуна Василий Дашков дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 10-апрелде кол койгонун ишканадан билдиришти.   Маалымат боюнча Дашков буга чейин инвестицияларды тартуу жана курулуш маселелери боюнча ушул эле ишкананын директорунун орун басары болуп иштечү.