Республиканын ашууларындагы жолдор кардан тазаланууда.
Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда, Бишкек-Ош трассасындагы Алабел ашуусунда, Ош-Сарыташ унаа жолундагы Талдык ашуусунда, Каракол-Энилчек жолунун Чон-Ашуу ашуусунда кар тазаланып, инерттүү материалдар себилди.
Иштерге атайын техника жана жолчулар тартылган.