Казакстанда коронавируска кабылгандар 911ге жетип, анын 86сы айыкты

Коңшу Казакстанда коронавирус менен ооругандардын саны жалпы 911ге жетти. Анын 86сы илдеттен айыкса, 10у каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн штабы билдирди деп жазышат казак басылмалары.

 

Жабыркагандар төмөнкү аймактардын тургундары:

 

Нур-Султан шаарында — 249;

Алматы шаарында — 145;
Кызыл-Ордо облусунда — 117;
Акмола облусунда — 71;
Караганда облусунда — 65;
Атырау облусунда — 59;
Жамбыл облусунда — 46;
Шымкент шаарында — 38;
Түркестан облусунда — 36;
Түндүк Казакстан облусунда — 25;
Алматы облусунда — 12;
Актөбө облусунда — 11;
Мангистау облусунда — 10;
Павлодар облусунда — 10;

Батыш Казакстан облусунда — 8;

Чыгыш Казакстан облусунда — 6;
Костанай облусу — 3.