«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси алмашты

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канатбек Абдыкеримов кызматтан бошотулуп, ордуна Василий Дашков дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 10-апрелде кол койгонун ишканадан билдиришти.

 

Маалымат боюнча Дашков буга чейин инвестицияларды тартуу жана курулуш маселелери боюнча ушул эле ишкананын директорунун орун басары болуп иштечү.