Алдыңкы 2 күндө өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүү коркунучу бар

Алдыңкы 2 күндө өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош, Жалал Абад, Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү ыктымал. Кырдаал күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын ФИФА рейтингинде ээлеген орду өзгөргөн жок

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын ФИФА рейтингинде ээлеген орду өзгөргөн жок. Жаңыланган тизме 9-апрелде жарыяланды. Анда биздин оюнчулар, мурдагыдай эле 96-орунга жазылды. Отчеттук убакытта кыргызстандык футболчулар оюн талаасына чыгышкан эмес. Ал эми Азия футбол конфедерациясында  биздин курама команда 15-орунда турат.

Баткен облусунда дагы үч түйүнгө видеокамералар орнотулду

Баткен облусунда дагы үч түйүнгө видеокамералар орнотулду Бул тууралуу өмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жабдуулар Кызыл-Кыя шаарында пайда болду. Буга чейин Лейлек районунда орнотулган болчу. Иштер коопсуздук, тартип жана ачык айкындуулук үчүн жасалууда. Белгилеп кетсек, Баткен облусунда төрт негизги, 23 ички санитардык-карантиндик посттор уюштурулган.

Баткен жана Ош облустарына Бишкектен медицина кызматкерлеринин дагы бир тобу жөнөп кетти

Баткен жана Ош облустарына Бишкектен медицина кызматкерлеринин дагы бир тобу жөнөп кетти. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, өлкөдөгү коронавирустун очогу болгон аймакка өз ыктыяры менен баруу ниетин билдирген медицина кызматкерлери жолго чыкты. Курамында эпидемиолог, анестезиолог-реаниматологдор жана жугуштуу оорулар менен күрөшкөн адистер бар. Алар аймактарда бир… Кененирээк…

Президентке өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу сунушу берилди

Республикалык ыкчам штаб президентке өзгөчө абалдын жана өзгөчө кырдаалдын мөөнөтүн узартуу сунушун берди. Бул тууралуу аталган штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов билдирет. Анын айтымында, бейтаптар менен байланышта болгондордун баарын таап, аныктоо үчүн убакыт керек. Бирок өзгөчө абал кайсы мөөнөткө чейин узартылаары белгисиз. Эске салсак, Бишкек, Ош,… Кененирээк…

Ордо калаа көчөлөрүндө жарыктандыруу иштери уланууда

Ордо калаа көчөлөрүндө жарыктандыруу иштери уланууда. Мэриядан билдиришкендей, 7-апрель көчөсүнүн Чүйдөн Кийизбаев бөлүгүнө чейин түнкү чырактар пайда болду. Жакында эле аталган жерде веложолчо жана тротуар курулуп бүттү. Ошондой эле жарыктандыруу иштери Айтматов проспектисинен Семетей көчөсүнө чейин жүрүп жатат. Белгилеп кетсек, Бишкектеги жарык орнотулбаган көчөлөр тууралуу… Кененирээк…

Британиядагы кыргызстандыктардын визасы узартылды

Британиядагы кыргызстандыктардын визасы узартылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирет. Анын айтымында, учурда аталган өлкөдө  эки миңге жакын кыргызстандык жашайт. Алардын ичинде студенттер да бар. Айдарбеков белгилегендей, Британияда аба каттамдар токтогондуктан визаны узартуу чечими кабыл алынды.

Кыргызстандыктар дүкөндөрдө азык-түлүктү белгиленген баада сатып алууну талап кылса болот

Кыргызстандыктар дүкөндөрдө азык-түлүктү белгиленген баада сатып алууну талап кылса болот. Монополдукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мамлекет тарабынан көзөмөлдөнүүчү азыктардын тизмеси бар. Ун, кумшекер, өсүмдүк майы, жумшартылган май, макарон азыктары, нан, сүт, эт, жумуртка, күрүч жана картошка. Сатуучулар аталган азыктардын баасын негизсиз көтөрсө, он… Кененирээк…

Бишкекте жаан-чачын төрт күнгө созулат

Бишкекте жаан-чачын төрт күнгө созулат. Бул тууралуу Синоптиктер билдирет. Маалыматка караганда, мөөнөт аралыгында катталган жаан бир айлык көлөмдүн төрттөн үч бөлүгүн түзөт. Нөшөрлөп төккөн жаан шаршембиде, 15-апрелде күтүлөт. Ал эми температура мамычалары күндүз +12, +14 градусту көрсөтөт. Түнкүсүн сегиз он градус нөлдөн жогору.

Бишкекте Чолпонбай Түлөбрдиевдин ысымындагы сейил бактын курулушу уланууда

Бишкекте Советтер союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбрдиевдин ысымындагы сейил бактын курулушу уланууда. Мэриядан билдиришкендей, учурда иштердин 95 пайызы аяктап калды. Эми эс алуучулар үчүн 120 отургуч коюлат. Муниципалитеттен белгилешкендей, скверде Түлөбербиевдин эстелиги пайда болот. Ал эми активдүү эс алууну каалагандар үчүн скейтдром салынат.