Бишкекте банк терминалын уурдоого шектүүлөр кармалды.
Бул тууралуу ордо калаа комендатурасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 23, 29 жана 30 жаштагы 3 эркек убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. Тергөө жүрүүдө. Эске салсак, 7-апрелде коменданттык саат учурунда банк терминалы уурдалган.
Анын ичинде 61 миң сом бар болчу. “Коопсуз шаар” долбоорунун камералары аркылуу уурулар дароо эле аныкталган.