Бишкек-Нарын-Торугарт жолуна орнотулган дезинфекциялоочу туннель иштеп баштады

Бишкек-Нарын-Торугарт жолуна орнотулган дезинфекциялоочу туннель иштеп баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, трассанын 210унчу чакырымындагы санитардык-карантиндик постунда унааларды дезинфекциялоочу туннел орнотулду. Эске салсак, буга чейин аталган туннелдер Бишкек жана Ошто да ишке кирген.

Бишкектин көчөлөрүндө орнотулган бетон блоктор тез жардам жана өрт өчүрүү кызматынын өтүшүнө тоскоол болбойт

Бишкектин көчөлөрүндө орнотулган бетон блоктор тез жардам жана өрт өчүрүү кызматынын өтүшүнө тоскоол болбойт. Бул тууралуу комендант Алмазбек Орозалиев билдирди. Анын айтымында, бул чаралар көчөдөгү унаалардын агымын азайтуу ниетинде аткарылып жатат. Эске салсак, ордо калаада бир катар көчөлөрдүн кесилишинде 77 бетон блоктору пайда болду

Бүгүн Новосибирск шаарынан 176 кыргызстандык учуп келет

Бүгүн Новосибирск шаарынан 176 кыргызстандык учуп келет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Ал белгилегендей, тармактык мамлекеттик органдар Россиядан мекендештердин келишине толук даярдык көрдү. Алардын бардыгы Бишкектин обсервация жайларына жайгаштырылат. Эске салсак, буга чейин Новосибирск шаарынан жарандарды алып келүү макулдашылган.

Кыргызстанда 12 милиция кызматкеринен коронавирус аныкталды

Кыргызстанда 12 милиция кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирет. Анын айтымында, кызматкерлер обсервацияга алынды. Иликтөөнүн жыйынтыгында бардыгы коронавирус жуктурган адамдар менен байланышта болгону такталды. Белгилеп кетсек, өлкөдө вирус 612 адамдан тастыкталды, 254ү айыгып чыкса, жети адам каза тапкан.

Тайвандын Тайбэй шаарында медициналык бет каптар соода автоматтарында сатыла баштады

Тайвандын Тайбэй шаарында медициналык бет каптар соода автоматтарында сатыла баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат. Маалыматта мындай автоматтар коюлары менен адамдар узун кезекке туруп калышканы айтылат. «Эки күндүн ичинде эле соода автоматынан 2 миң 500дөн ашуун бет кап сатып алынган. Бирок жарандар соода автоматынан… Кененирээк…

“Барселона” клубу өзүнүн  стадионунун аталышына укуту сатат

“Барселона” клубу өзүнүн  стадионунун аталышына укуту сатат. Клуб үй беттештерин өткөрүп жаткан “Камп Ноу”стадионунун аталышын сатуудан түшкөн каражатты вируска каршы күрөшүү үчүн жумшоого пландаштырууда.   Сатып алам деген демөөрчүлөр менен бир жылдык келишимге кол коюлат. Белгилеп кетсек, “Камп Ноу” стадиону 1957-жылы курулган. Ага 99 миң… Кененирээк…

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата ардагерлерге жөлөк пул бериле баштады

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата ардагерлерге жөлөк пул бериле баштады. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, согуштун катышуучуларына, майыптарына жана Ленинград блокадачылары менен концлагерь туткундарына 75 миң сомдон бир жолку акчалай жөлөк пул берилет.   15 миң сомдон оруктун ардагерлерине, эмгек армиячыларына жана согушта… Кененирээк…

Кыргызстанда бир сутканда 38 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда бир сутканда 38 адам коронавирустан айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, сакайгандардын бешөө Бишкекте, 25и Ош облусунда, Ош шаарында бирөө, Нарында экөө, Баткенде үчөө.   Ушуну менен өлкөдө COVID-19 вирусун  жеңип, ооруканадан чыгарылгандардын жалпы саны 254кө жетти.

Бишкекте дагы бир сквер пайда болот

Бишкекте дагы бир сквер пайда болот. Ордо калаа мэриясынын маалыматына ылайык, Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде эс алуу аймагынын курулушу аягына чыгып калды.   “Тазалыктын” кызматкерлери отургуч жана таштанды урналарын орнотуп жатат. Жарык берүү системасы дагы пайда болду. Ошондой эле, “Бишкек жашыл чарбанын” кызматкерлери аймакты… Кененирээк…

Талас районунун Көпүрө-Базар айылында кечээ мөндүр жаады

Талас районунун Көпүрө-Базар айылында кечээ мөндүр жаады. Жергиликтүү тургундар билдиришкендей, айрым жерлерге түшкөн мөндүрдүн калыңдыгы  1 сантиметрге жетти.   Буга чейин Кыргызгидромет Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын айрым аймактарында жаан, кар жаайт деп билдирген. Аба-ырайынын мындай шарттары айыл-чарба иштерин тоскоолдук жаратат.