Бишкек-Нарын-Торугарт жолуна орнотулган дезинфекциялоочу туннель иштеп баштады.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, трассанын 210унчу чакырымындагы санитардык-карантиндик постунда
унааларды дезинфекциялоочу туннел орнотулду. Эске салсак,
буга чейин аталган туннелдер Бишкек жана Ошто да ишке кирген.