Бүгүн Новосибирск шаарынан 176 кыргызстандык учуп келет

Бүгүн Новосибирск шаарынан 176 кыргызстандык учуп келет.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал белгилегендей, тармактык мамлекеттик органдар Россиядан мекендештердин

келишине толук даярдык көрдү. Алардын бардыгы Бишкектин обсервация

жайларына жайгаштырылат. Эске салсак, буга чейин Новосибирск

шаарынан жарандарды алып келүү макулдашылган.