Өлкө мектептеринде 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүндө жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация баштады

Өлкө мектептеринде 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүндө жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация баштады. Билим берүү министрлигинен эске салышкандай, быйыл экзамендердин форматы өзгөрдү.   Мектептерде атайын комиссия түзүлүп, ал окуучулардын буга чейинки жетишкендиктерине ылайык баа чыгарат. Ал эми бүтүрүүчүлөрдүн өздөрү бул процесске катышпайт.

“Ысык-Көл” аэропортунда өзүнүн отун куюучу комплекси пайда болду

“Ысык-Көл” аэропортунда өзүнүн отун куюучу комплекси пайда болду. Долбоорду “Манас” эл аралык аэропорту ишке ашырды. Жабдуу отунду кабы алуу, сактоо жана учактарга куюу үчүн даярдоого багытталган.   Анын жоктугунан буга чейин “Ысык-Көл” аба майданы өтө чоң эмес жана жакын жерден келген учактарды гана кабыл алчу.… Кененирээк…

Кыргызстан калкын каттоону жакынкы арада өткөрүү пландалбайт

Кыргызстан калкын каттоону жакынкы арада өткөрүү пландалбайт. Бул тууралуу novosti.kgге Улуттук статистика комитинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, бул жумада процессти өткөрүүнүн мөөнөтү белгиленмек, бирок эпидемиологиялык абалдан улам, суроо ачык бойдон калууда.   Эске салсак, Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоо 23-марттан 1-апрелге чейин өтмөк.

Кыргызстандын энергетиктери Сары-Кыр ашуусундагы электр өткөрүү линияларындагы аварияны жөнгө салышты

Кыргызстандын энергетиктери Сары-Кыр ашуусундагы электр өткөрүү линияларындагы аварияны жөнгө салышты. Улуттук электр станцияларынан билдиришкендей, ашуунун бийиктиги деңиз деңгээлинен 3 миң метрди түзөт.   Нарын жана Жалал-Абаддын электр тармактарын бириктирген линияда авария аба-ырайынын шарттарынан улам мартта катталган. Тилке алыс жайгашкандыктан жана жолдор жабык болгондуктан, оңдоо иштери… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал катталды

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ кечинде Эки-Таш жергесине тиешелүү Ош-Исфана жолунда белгисиз адамдар кыргызстандыктын унаасын аткылап кетишти.   Атуулар Тажикстан тараптан чыгып атты. Айдоочу жарааттары менен Самаркандек айылынын ооруканасына жаткырылды. Учурда жеринде милиция иштеп… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган жоокерди дарылоо Москвада улантылат

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган жоокерди дарылоо Москвада улантылат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Анын айтымында, 8-майда жаракат алган чек арачынын абалы оор. Кошумчаласак, кыргыз-тажик чек арасында акыркы 2 айда үч ирет жаңжал катталды.     

Бишкекте санитардык эрежелерди сактабаган коомдук унаалардын айдоочуларына айып салынды

Бишкекте санитардык эрежелерди сактабаган коомдук унаалардын айдоочуларына айып салынды. Мэриядан билдиришкендей, бүгүнкү рейддин алкагында 88 кичи автобус текшерилди. Айдоочу жана жүргүнчүнүн беткабы жок, социалдык аралык сакталбаган жана антисептикалык каражаттары жок учурларга айып салынды. Ордо калаа бийлигинен эскертишкендей, текшерүү иштери күн сайын жүргүзүлөт.

Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган оор жүк ташуучу унаалардын саны 300гө жакындап калды

Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган оор жүк ташуучу унаалардын саны 300гө жакындап калды. Мамлекеттик Чек ара кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, эки өлкөнүн чек арачылары жактан эч кандай тоскоолдук жок. Кезек күткөндөрдүн саны казак тараптын текшерүүсүнө байланыштуу көбөйүп жатат. Эске салсак, “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде кезек күткөн оор… Кененирээк…

Сузак районунун Атчабар айылында кечээ кечинде сел жүрдү

Сузак районунун Атчабар айылында кечээ кечинде сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, туу ташкыны 4 үйдү каптады. Жаратылыш кырсыгынын кесепетин жоюу иштерине кызматкерлер тартылды. Тазалоо иштери улантылууда.

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрү аттестаттарын акысыз алат

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрү аттестаттарын акысыз алат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, мектеп жетекчилери аттестатка акча талап кылууга укугу жок. Бул боюнча шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн адистерине эскертилди. Эгер аттестат жоголуп кетсе дубликатты 61 сомго алса болот. Эске салсак, бүтүрүүчүлөр аттестаттарын 18-июндан 20сына чейин алып… Кененирээк…