Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрү аттестаттарын акысыз алат

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрү аттестаттарын акысыз алат.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, мектеп жетекчилери

аттестатка акча талап кылууга укугу жок. Бул боюнча шаардык жана райондук

билим берүү бөлүмдөрүнүн адистерине эскертилди. Эгер аттестат жоголуп кетсе

дубликатты 61 сомго алса болот. Эске салсак,

бүтүрүүчүлөр аттестаттарын 18-июндан 20сына чейин алып калышат.