Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал катталды

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ кечинде Эки-Таш жергесине тиешелүү Ош-Исфана жолунда белгисиз адамдар кыргызстандыктын унаасын аткылап кетишти.

 

Атуулар Тажикстан тараптан чыгып атты. Айдоочу жарааттары менен Самаркандек айылынын ооруканасына жаткырылды. Учурда жеринде милиция иштеп жатат. Чек арада аймак туруктуу деп бааланууда, — дешти ведомстводон.