Кыргызстандык тасма Норвегиядагы эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт

Кыргызстандык тасма Норвегиядагы эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематография өнүктүрүү фондунан билдиришти. Кыска метраждуу тасмалар 18-июндан 28ине чейин онлайн форматта көрсөтүлөт. Белгилеп кетсек, аталган кинофестивалга  катышуу үчүн 115 өлкөдөн 3 миң билдирме түштү. Бул 13 жылдан берки рекорддук көрсөткүч.

Кыргызстанда эл аралык аба каттамдар качан ачылаары азырынча белгисиз

Кыргызстанда эл аралык аба каттамдар качан ачылаары азырынча белгисиз. Ал эми 8-июндан баштап Бишкек – Ош каттамы ишке кирет, — деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. Анын айтымында, эки калаа ортосундагы аба жолу жумасына бир гана жолу уюштурулат. Авиакомпаниялар саламаттыкты сактоо министрлиги берген көрсөтмөлөрдүн негизинде гана… Кененирээк…

Румыниянын премьер-министри беткабы жок болгону үчүн айыпка тартылды

Румыниянын премьер-министри беткабы жок болгону үчүн айыпка тартылды. Ага карата чара көрүү соцтармактарга жарыяланган сүрөттөн кийин кабыл алынды. Анда өкмөт башчы иш бөлмөсүндө коргонуу каражаттары жок эле башка министрлер менен биргеликте туулган күнүн белгилеп отурганын көрсө болот. Мындан улам ага 617 евро айып салынды. Ошондой… Кененирээк…

Европа өлкөлөрүндөгү 179 кыргызстандык мекенге келди

Европа өлкөлөрүндөгү 179 кыргызстандык мекенге келди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, 16 өлкөдөгү жарандар 1 эле каттам менен алынып келинди. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргызстандын Европадагы чет өлкөлүк мекемелерине берилген арыздардын негизинде түзүлдү. Учурда келгендердин бары белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды. Чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды өлкөгө жеткирүү… Кененирээк…

Май куюу станциянын ээлери 1 айдын ичинде автоматтык эсептөө системасын орнотпосо ишмердүүлүгү токтотулат

Май куюу станциянын ээлери 1 айдын ичинде автоматтык эсептөө системасын орнотпосо ишмердүүлүгү токтотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан novosti.kgге билдиришти. Маалыматка ылайык, 1-июлдан тартып күйүүчү майды кассалык аппараттар болгон учурда гана сатууга болот. Мындай чара күйүүчү-майлоочу материалдын жүгүртүүсүн көзөмөлгө алуу үчүн киргизилет. Учурда 700гө жакын… Кененирээк…

Ордо калаанын айрым аймактарында электр энергиясы убактылуу өчүрүлдү

Ордо калаанын айрым аймактарында электр энергиясы убактылуу өчүрүлдү. “Түндүк электр” ишканасынын маалыматына ылайык, кечки саат 5ке чейин Байтик Баатыр, Ахунбаев, Төрөкул Айтматов, Огонбаев, Салиев, Курманжан Датка жана Саратов тилкелеринин бир бөлүгүндө жарык болбойт. Тынчтык, Бакай-Ата, Ак-Өргө жана Алтын-Ордо конуштарынын айрым жерлеринде да электр энергиясын берүү… Кененирээк…

Чүй облусунун Кайыңды шаарында эс алуу зонасы пайда болот

Чүй облусунун Кайыңды шаарында эс алуу зонасы пайда болот. Мамлекеттик сатып алуулар порталы билдиргендей, долбоорго калаа мэриясынан 2 миллион 200 миң сом каралды. Курулуш Октябрдын 60 жылдыгы көчөсүндө жүрөт. Сынакка катышуу үчүн арыздар 16-июнга чейин кабыл алынат.

АКШдагы башаламандыкта жабыркаган жана кармалгандардын арасында  Кыргызстандыктар жок

АКШдагы башаламандыкта жабыркаган жана кармалгандардын арасында  Кыргызстандыктар жок. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Вашингтондогу элчилик мекендештерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Мындан улам жарандарга эл көп чогулган аймактарга барбоо сунушталат. Белгилеп кетсек, АКШнын бир катар шаарларда катталган башаламандыктан 4 миңге жакын демонстранттар кармалды. Өлкөнүн 20дан ашык шаарында… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында фонтандык комплекс ишке кирди

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында фонтандык комплекс ишке кирди. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, калаадагы борбордук скверде суу оргумасы тургундарды кубандыра баштады. Анын жанында отургучтар жана коопсуздук үчүн видео байкоо орнотулду. Фонтан жылда май айында иштеп баштачу. Быйыл карантинден улам ачылуу мөөнөтү кечиктирилди.

«Акжол» көзөмөл-өткөрүү пунктундагы ремонттук иштер жыл аягына чейин бүтөт

«Акжол» көзөмөл-өткөрүү пунктундагы ремонттук иштер жыл аягына чейин бүтөт. Казакстандын индустрия жана инфраструктура министрлиги билдиргендей, түйүн кийинки жылдан баштап күнүнө 23 миң адам жана 2 миң унааны өткөрө алат. Учурда иштер жалпысынан 3,5 гектар жерде жүрүүдө. Эске салсак, кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл өткөрүү түйүнү ушул… Кененирээк…