Бишкекте санитардык талаптарды сактабаган жайлар кайрадан жабылууда
Бишкекте санитардык талаптарды сактабаган жайлар кайрадан жабылууда. Вице-мэр Азиз Алымкулов билдиргендей, алардын арасында 2 ири базар, караоке-барлар, кафе жана компьютердик оюн клубу бар. Вице-мэр белгилегендей, мындан ары вирустун учуру катталган базар же соода борборунун администрациясы дезинфекциялоо ишин өздөрү жасоого милдеттендирилет.