Баткен облусундагы сел жүргөн аймактар калыбына келтирилип жатат.
“Турмуш” басылмасы билдиргендей, Сох-Кан-Зардалы унаа жолунун 42 чакырымына
шагыл толуп калган. Жаратылыш кырсыгынын кесепетин жоюу максатында жол тейлөө
мекемесинин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар ишке тартылды.
Тазалоо иштери бүгүн да уланууда. Эске салсак, 8-июнда
Дара аймагында катуу жааган жаан-чачындан улам суу ташкындаган.