Милициянын Кайгуул кызматы Ош облусунда түзүлөт

Милициянын Кайгуул кызматы Ош облусунда түзүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.   Анын айтымында, жаңы кызматты түзүү боюнча токтом чыкты. Ага 219 кызматкерди сынак менен алуу пландалып жатат. Эске салсак, кайра түзүлгөн Кайгуул кызматы Бишкекте 31-декабрда пайда… Кененирээк…

Кытай Өзбекстанга Ош аркылуу транспорттук коридор ачты

Кытай Өзбекстанга жаңы транспорттук коридорду Кыргызстан аркылуу ачты. Ал Казакстан аркылуу транзитсиз Европага кетчү жолдун биринчи бөлүгү болуп каларын Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министрлиги кабарлады. 5-июнь күнү 25 контейнер чиркелген алгачкы поезд Ганьсу (Кытай) провинциясынын «Ланьчжоу» темир жол станциясынан Ташкентти көздөй багыт алган. «Кытай… Кененирээк…

Нарында балык кармаганы кеткен эки адам беш күндөн бери дайынсыз болууда

Нарын облусунда балык кармаганы кеткен эки адам беш күндөн бери дайынсыз болуп жатат.   Бул тууралуу 10-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Жумгал районунун Миң-Куш айылынын 43 жана 42 жаштагы эки тургуну 5-июнда Көкөмерен дарыясынан балык кармаганы Өрнөк айылына кетишкен. Ошо бойдон экөөнөн… Кененирээк…

Ошто милициянын кайгуул кызматына талапкерлер кабыл алына баштады

Ош шаарында милициянын кайгуул кызматына талапкерлерди тандоо боюнча сынакка документтер кабыл алынып жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна 10-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева билдирди.   Анын айтымында, сынак быйыл 16-мартта жарыяланган, бирок коронавируска байланыштуу убактылуу токтотулган. Жалпысынан 219 кызматкерди кабыл алуу… Кененирээк…

Дүйнөнүн эң кымбат шаарлары аталды

Дүйнөнүн эң кымбат шаарлары аталды. Лидерлердин үчилтигине Гоконг, Ашхабад жана Токио кирди. Ошондой эле жашоо шарты кымбат шаарлардын катарында Цюрих, Сингапур, Нью-Йорк, Шанхай, Берн, Женева жана Пекин бар.   Рейтинги түзүүдө адистер турак-жайдын, транспорттун, азык-түлүктүн, кийимин жана башка тиричилик товарлардын баасын эске алышкан.

Ноокат районунда жаңы мектептин курулушу башталды

Ноокат районунда жаңы мектептин курулушу башталды. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, жалпы билим берүү мекемеси  Кыргыз-Ата айыл аймагына тиешелүү Борко  айылында пайда болот.   Долбоордун жалпы баасы 70 миллион сомду түзөт. Имаратты курууга каражатты демөөрчүлөр бөлүп берген. Мектеп качан колдонууга берилет, азырынча белгисиз.

Жогорку Кеңешке келген эки жаңы депутат ант берди

Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алган Замирбек Эсенаманов менен Бейшеналы Нурдинов бүгүн парламентте ант берип, кызматка киришти. Эсенаманов жакында эле мандатын тапшырган «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Руслан Чойбековдун ордуна келди.   Ал эми Нурдинов кызматтан кетүүгө арыз жазган ушул эле фракциянын лидери Алмазбек Баатырбековдун ордуна келген.   Эсенаманов 2005-жылы Жогорку… Кененирээк…

Республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар

Республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аба-ырайынын шартына байланыштуу, сел жүрүү коркунучу дагы бир нече күн сакталат.   Андан тышкары, дарыяларда дагы суунун деңгээли көтөрүлөт. Жарандарга этият болуу сунушталат.

“Тазалык” ишканасынын кызматкерлеринин ишин санарип технологиялары көзөмөлдөйт

“Тазалык” ишканасынын кызматкерлеринин ишин санарип технологиялары көзөмөлдөйт. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, эми ар бир көчө шыпыруучу жана ар бир тилке санарип көзөмөлгө өткөрүлөт.   Атайын техниканын каттамын жана бензин, дизелдик отундун сарпталышын GPS-навигаторлор эсептеп турат. Жакынкы арада smart-көзөмөлдөөчү жабдуулары ар бир унаага орнотулат. Жаңы технология… Кененирээк…

Кыргызстандын бүтүрүүчүлөрүнө аттесттаттар 18-июндан 20сына чейин тапшырылат

Кыргызстандын бүтүрүүчүлөрүнө аттесттаттар 18-июндан 20сына чейин тапшырылат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, кеп 11-классты жана  9-классты аяктагандар тууралуу болуп жатат.   Мектептерде тизмелер түзүлөт, алар боюнча бүтүрүүчүлөр кезек менен келип, документтерин алып кетиши керек. Белгилеп кетсек, аттестаттар акысыз тапшырылат.   Төлөм документ жоголуп, анын ордуна дубликатын… Кененирээк…