Ысык-Көл облусундагы эс алуу жайларына келген туристтер үчүн каттоо журналдары ачылат

Ысык-Көл облусундагы эс алуу жайларына келген туристтер үчүн каттоо журналдары ачылат.

Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

Мындан ары ар бир туристти жана эс алуучуларды кабыл алуу жайларында бир формадагы

каттоо журналдары ачылат. Ал жакта байланыш маалыматтары жана келген убактысы жазылат.

Осмоналиев  белгилегендей, санитардык-гигиеналык нормаларды жана коюлган

шарттарды аткарбаган субъектилер жоопкерчиликке тартылат.