Ош облусунда муктаж 176 жалгыз бой энелер үчүн турак-жай курулуп жатат.
Учурда Алай районунда 2 гектар аянтта курулуш иштери башталды.
Мындан тышкары Өзгөн районунда дагы үйлөр салынууда. Анда таза суу системасы тартылып,
балдар аянтчалары жана аялдар үчүн тигүү цехи пайда болот. Кичи-шаарча тибиндеги
курулушка каражатты чет элдик донорлор бөлүп берди.
Объектилер сентябрда пайдаланууга берилип калат.