Бишкекте санитардык талаптарды сактабаган жайлар кайрадан жабылууда.
Вице-мэр Азиз Алымкулов билдиргендей, алардын арасында 2 ири базар,
караоке-барлар, кафе жана компьютердик оюн клубу бар. Вице-мэр белгилегендей,
мындан ары вирустун учуру катталган базар же соода борборунун
администрациясы дезинфекциялоо ишин өздөрү жасоого милдеттендирилет.