Кыргызстандыктарды өлкөгө кайтаруу уланууда

Кыргызстандыктарды өлкөгө кайтаруу уланууда. Бүгүн Пакистандан 100 жаран жеткирилет, — дешти Тышкы иштер министрлигинен. Бул максатта Исламабад – Бишкек чартердик каттамы уюштурулду.   19-июнда Пакистандын Лахор шаарынан дагы 100 мекендешти алып келүү пландалууда.

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын кезеги жоюулду

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын кезеги жоюулду. Буга Мамлекеттик чек ара кызматынан ишендиришүүдө.   Андан белгилешкендей, “Чалдыбар – унаа жолу” жана “Кең-Булуң – унаа жолу” түйүндөрүнүн ачылышы менен “Ак-Тилек” бекетиндеги узун кезектерди алдын алуу мүмкүн болду.   Кыргыз-казак чек арасындагы бардык түйүндөр иштеп, жүк… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын жана анын программасын бекитти

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын жана анын программасын бекитти. Депутаттар дээрлик бир добуштан колдошту. Өкмөт башчылыкка Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбеков бекитилди.   Өкмөт аппаратынын башчылыгына Таалайбек Темиралиев, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов келди.  … Кененирээк…

Кыргызстанда алдыдагы 3 күндө туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Кыргызстанда алдыдагы 3 күндө туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мезгили менен жаан жаап, катуу шамал болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, түндүк тараптан соккон шамал учурдагы аба табынын төмөндөшүн алып келди. Ордо калаада бүгүн жана эртең +26 градус болот. Жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык болуп, бир аз шамал жүрөт. Жумадан… Кененирээк…

Бишкекте массалык иш-чараларды өткөрүүгө киргизилген тыюу күчүндө

Бишкекте массалык иш-чараларды өткөрүүгө киригилген тыюу күчүндө. Кеп, спорттук, майрамдык, маараке жана адамдардын топтолуп жолугушуусу тууралуу болуп жатат. Бул тууралуу вице-мэр Татьяна Кузнецова билдирет. Анын айтымында, чектөөлөргө карабай айрым ишкерлер талаптарды сактабай жатат. Учурга карата ордо калаада эрежени сактабаган мекемелерге 930 протокол толтурулуп, 2 миллион… Кененирээк…

Бишкекте 2 базар убактылуу жабылды

Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районундагы «Чынар» жана «Ош» базарындагы «Кыял» кичи базарлары жабылды. Бул тууралуу вице-мэр Татьяна Кузнецова билдирди. Анын айтымында, аталган соода жайларында бүгүндөн тарта дезинфекция иштери жүрөт. Эске салсак, буга чейин да ордо калаадагы ири базарлар дещинфекциялоо иштери үчүн жабылган.

Кыргызстандын аскер кызматкерлери парадга катышуу үчүн Россияга жеткирилди

  Кыргызстандын аскер кызматкерлери парадга катышуу үчүн Россияга жеткирилди. Буга чейин Улуттук гвардиянын аскерлери Кызыл аянттагы парадга бир нече жума даярдыктан өттү. Улуу Ата Мекендик Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга 64 миңден ашык аскер жана 2,5 миңге жакын техника тартылат. Эске салсак, иш-чара карантинден улам… Кененирээк…

18-июндан баштап Ленин районундагы 5 бала бакча иштеп баштайт

18-июндан баштап Ленин районундагы 5 бала бакча иштеп баштайт. Учурда Биринчи Май жана Свердлов райондорунда 28 мектепке чейинки даярдоо мекемеси ишин улантууда, — деди вице-мэр Татьяна Кузнецова. Анын айтымында, Октябрь районундагы бакчалар да дүйшөмбүдөн тартып ишке кириши күтүлүүдө. Учурда аларга азык-түлүктөрдү жеткирүү иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы азырынча мурдагы бойдон сакталат

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы азырынча мурдагы бойдон сакталат. Бул тууралуу novosti.kgге Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди. Ал түшүндүргөндөй, учурда Россияда күйүүчү отунга болгон баа бир аз жогорулай баштады. Бирок биздин мунай ташуучуларда бензиндин 1,5 айлык запасы бар. Сатып алуу баалар арзан кезинде жүргүзүлгөндүктөн,… Кененирээк…

Бишкекте жогорку Эркиндик эс алуу багы пайда болот

Бишкекте жогорку Эркиндик эс алуу багы пайда болот. Ага ылайык, Ден-соолук эс алуу жайынан түштүктү карай Семетей көчөсүнө чейин дагы бир эс алуу багы орун алат. Долбоорлоо тапшырмасын Мэр Азиз Суракматов “Бишкек башкы архитектура” ишканасына берди. Бул шаардыктар үчүн жөө жүрүүгө ылайыкталган аймак болуп калат.