Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына жардам көрсөттү

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына жардам көрсөттү. Саламаттыкты сактоо секторун колдоо долбоордун алкагында КОВИД-19га чалдыккан бейтаптар дарыланган борборлордо кошумча 80 орундук пайда болот. Ошондой эле тез жардам унаалары алынат. Аталган ооруканаларда иштеген медицина кызматкерлери жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалат.

Өзгөчө абал режиминде иштеген милиция кызматкерлерине убадаланган акчалай жардам толугу менен берилет

Өзгөчө абал режиминде иштеген милиция кызматкерлерине убадаланган акчалай жардам толугу менен берилет. Буга премьер-министр милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов ишендирүүдө. Анын айтымында, өзгөчө абал режиминде иштеген укук коргоо органдарына төлөмдөр ушул жумада бериле баштайт. Ошол эле учурда каржы министрлиги аскер жана милиция кызматкерлерине 446 миллион сом… Кененирээк…

Түркияда визасыз мигранттарга чектөөлөр киргизилди

Түркияда визасыз мигранттарга чектөөлөр киргизилди. Эми чет өлкөлүк жарандардын визасы мөөнөтүнөн өтүп кетсе, өз өлкөсүнө туруктуу аба каттамдар жанданганда Түркиянын аймагынан бир айдын ичинде чыгып кетиши керек. Эреже бузгандар ири өлчөмдө айыпка тартылат. Эске салсак, Түркияда 22-июндан тарта Стамбул-Бишкек аба каттамы ачылары айтылган. Бирок Кыргызстан… Кененирээк…

Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында 14 миллиард сомго иштер аткарылды

Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында 14 миллиард сомго иштер аткарылды. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, муну менен 1 миң 224 инфраструктуралык объекти курулду. Эки жылда анын 266сы ишке берилди. Калганында иштер уланууда. Анда мектеп, бала бакча, медициналык мекеме жана мектеп имараттарын капиталдык оңдоп-түзөө да бар. Мындан тышкары… Кененирээк…

Өзгөчө абал учурунда иштеген милиция кызматкерлерине кошумча акы төлөө үчүн 446 миллион сом керектелет

Өзгөчө абал учурунда иштеген милиция кызматкерлерине кошумча акы төлөө үчүн 446 миллион сом керектелет. Бул тууралуу Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди. Анын айтымында, кошумча акчалар уруксат кагаздары бүтөрү менен төлөнө баштайт. Мыйзамга ылайык, казармалык шартта кызматын өтөгөндөрдүн маянасына дагы бир айлыкка тең сумма кошулуп берилиши… Кененирээк…

Күздө өтүүчү парламенттик шайлоонун так мөөнөтү азырынча белгисиз

Күздө өтүүчү парламенттик шайлоонун так мөөнөтү азырынча белгисиз. Бул тууралуу премьер-министр милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, эпидемиологиялык абалдын курчуп турганына байланыштуу шайлоонун так мөөнөтүн айтуу эрте. Эгерде вирусту жугузуу азайса, шайлоо өз убагында болот. Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо быйыл 4-октябрда… Кененирээк…

Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп Элмира Иманалиева дайындалды

Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп Элмира Иманалиева дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. 2008-жылы Иманалиева аталган башкармалыкты жетектеген. Андан тышкары, билим берүү борборунун директору, Биринчи май районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары болуп эмгектенип, билим берүү жана илим министринин орун… Кененирээк…

Кыргызстандан 1-июлга чейин визасыз чыгуу режими колдонулат

Кыргызстандан 1-июлга чейин визасыз чыгуу режими колдонулат. Республикалык штабдан билдиришкендей, жубайы кыргызстандык болгон чет элдиктердин өлкөгө кирүүсүнө уруксаат берилди. Кыргызстандагы чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын, ошондой эле «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары да кире алат. Ал эми… Кененирээк…

Октябрь жана Ленин районунда жайгашкан бала бакчалар жакынкы арада ишке киришет

Октябрь жана Ленин районунда жайгашкан бала бакчалар жакынкы арада ишке киришет. Учурда анда эмгектенген кызматкерлер текшерилип жана бакча имараттары дезинфекцияланууда, — дешти Билим берүү башкармалыгынан. Маалыматка караганда, учурда ордо калаада 28 бала бакча ишин улантууда. Анда жалпысынан 821 бөбөк тарбияланып жатат. Иштеп жаткан мектепке чейинки… Кененирээк…

Бишкекте бир катар ишмердүүлүккө убактылуу тыюу салынды

Бишкекте бир катар ишмердүүлүккө убактылуу тыюу салынды. Эми шаардагы балдар үчүн батут, ижарага велосипед берүү жана жайма базарлардын иштешине уруксат берилбейт. Ордо калаа бийлиги муну санитардык коопсуздук чаралары деп түшүндүрдү. Мэрия эскертет, эрежени бузгандар жоопкерчиликке тартылат.