18-июндан баштап Ленин районундагы 5 бала бакча иштеп баштайт.
Учурда Биринчи Май жана Свердлов райондорунда 28 мектепке чейинки
даярдоо мекемеси ишин улантууда, — деди вице-мэр Татьяна Кузнецова.
Анын айтымында, Октябрь районундагы бакчалар да дүйшөмбүдөн тартып
ишке кириши күтүлүүдө. Учурда аларга азык-түлүктөрдү жеткирүү иштери жүрүп жатат.