Синоптиктер жайдын экинчи айында аба-ырайы кандай боло турганын айтып беришти

Синоптиктер жайдын экинчи айында аба-ырайы кандай боло турганын айтып беришти. Июлга карата божомолдору менен Кыргызгидрометтин адистери бөлүшүүдө.   Ага ылайык, республиканын түндүгүндө аба табы күндүз 38 градуска чейин ысыса, түнкүсүн 24 градус жылуу болот. Түштүк аймактарда дагы ушундай эле температура сакталат. Жаан-чачын норманын тегерегинде күтүлөт.

Бишкектин бир катар бала бакчалары жакынкы арада иштеп баштайт

Бишкектин бир катар бала бакчалары жакынкы арада иштеп баштайт. Бул тууралуу вице-мэр Татьяна Кузнецова билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Биринчи Май жана Свердлов райондорундагы 14 мектепке чейинки билим берүү мекемеси иштеп жатат.   Октябрь жана Ленин райондорундагы бала бакчалар бөбөктөргө эшиктерин алдыдагы күндөрү ачат. Учурда… Кененирээк…

Бишкекте бир айда эле кафе жана маршруттук таксилерге 2 миллион сомго айып салынды

Бишкекте бир айда эле кафе жана маршруттук таксилерге 2 миллион сомго айып салынды. Административдик чаралардын себеби – санитардык нормаларды бузуу, — дешти мэриядан.   Акимиаттын жана санэпидем көзөмөлдүн кызматкерлери кирген атайын топтор күн сайын ордо калаада рейддерди жүргүзүшүүдө. Айыптар коомдук тамактануу  жайлардын ээлерине, жеке компанияладын… Кененирээк…

542 киши Кыргызстандын жарандыгын алат

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгаруу жөнүндө эки жарлыкка кол койду. Мамлекет башчынын биринчи жарлыгына ылайык, 542 адам (анын 433ү чоңдор, 109у балдар) Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынат. Экинчи жарлыгы менен кыргыз жарандыгынан 332 адам (267си чоңдор, 65и балдар) чыгарылат.   Бул… Кененирээк…

Эртең мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар берилип баштайт

Эртең мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар берилип баштайт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл бул процесс салтанаттуу түрдө өткөрулбөйт.   Бул эпидемиологиялык абалга байланыштуу. Ар бир мектепте тизмелер түзүлгөн. Бүтүрүүчүлөр ага ылайык, кезек менен келип, аттестаттарын алып кетиши керек. Белгилеп кетсем, орто билимди күбөлөндүргөн документтер акысыз тапшырылат.

Ош облусунда муктаж үй-бүлөлөргө турак-жайлар курулууда

Ош облусунда муктаж үй-бүлөлөргө турак-жайлар курулууда. “Турмуш” басылмасы жазгандай, иштер Алай жана Өзгөн райондорунда жүрүп жатат. Кийин бул турак-жайларда 170 көп балалуу энелер жана жетим балдар жашай алат.   Алар үчүн бардык шарттар каралып, таза суу чыгарылып, балдар аянтчасы дагы курулат. Ошондой эле, аялдарды иш… Кененирээк…

Кыргызстанга Азиялык өнүктүрүү банкы 10 миллион доллар бөлүп берет

Кыргызстанга Азиялык өнүктүрүү банкы 10 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынан билдиришти. Бул каражатты өкмөт Ош жана каракол шаарларында, Нарын облусунун айылдарында жана Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда таза суу системасын курууга жана оңдоого багытташы керек.   Белгилеп кетсек, биздин өлкөдө айылдардын үчтөн бир… Кененирээк…

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке киргизүү кийинки жылдын жаз айларына жылдырылды

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке киргизүү кийинки жылдын жаз айларына жылдырылды. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов билдирди.   Анын айтымында, экинчи фаза боюнча иштерди ушул жылы аягына чыгаруу пландалып жаткан, бирок эпидемиологиялык абалга байланыштуу мөөнөт жылдырылды. Иштер республикалык штаб чет элдик адистерге… Кененирээк…

Иштөөгө жана бизнес үчүн мыкты өлкөлөр аталды

Иштөөгө жана бизнес үчүн мыкты өлкөлөр аталды. Биринчи орунда Сингапур жайгашты. Лидерлердин бешилтигине ошондой эле Дания, Швейцария, Нидерланды жана Гонконг кирет.   Рейтингди түзүүдө эксперттер экономиканын абалына, өкмөттүн натыйжалуулугуна жана инфраструктурага көңүл бурушту. Андан тышкары, ар кандай тармактагы жетекчилердин ой-пикирлери дагы эске алынды.

“Алтын тамга” сертификатына тестирлөө онлайн режимде жүрүп жатат

“Алтын тамга” сертификатына тестирлөө онлайн режимде жүрүп жатат. Сынак тууралуу кененирээк Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова айтып берет.   “Коопсуздукту сактап отурат. Ага дароо планшет берилет. Планшетте тест 4 предмет боюнча алынат. Атайлап ошону онлайн-режимде кылып атабыз. Түшүндүрмө берилет, доскага жазылат. Ал тамгаларды… Кененирээк…