Бир нече өлкө Кыргызстандын карызын төлөө убактысын узартууга макул болду

Бир нече өлкө Кыргызстандын карызын төлөө убактысын узартууга макул болду. Париж клубунун мүчөлөрү — Франция, Германия, Дания, Корея жана Япония Кыргызстандан карызды алууну убактылуу токтотту, — деди премьер-министр Кубатбек Боронов. Бүгүнкү күндө Сауд өнүктүрүү фонду менен Кувейт фондунун алдындагы карызды убактылуу токтотуп туруу боюнча макулдашуу жетишилди.… Кененирээк…

Ордо калаада быйыл жалпысынан 31 көчө оңдолот

Ордо калаада быйыл жалпысынан 31 көчө оңдолот. Учурда иштер Пушкин, Бобулов, Васильев, Исакеев жана Муса Жалил тилкелеринин бир бөлүгүндө жүрүп жатат, — дешти мэриядан. Курулушту “Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жүргүзүүдө. Ал эми учурда Ашхабад, Аул жана Белорусская көчөлөрүндөгү жумуштар аяктады.

Балыкчы — Корумду унаа жолун курууда 1 миллиард сомдон ашык каражат максатсыз пайдаланылган

Балыкчы — Корумду унаа жолун курууда 1 миллиард сомдон ашык каражат максатсыз пайдаланылган. Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдиргендей, былтыр мамлекеттик органдар 2,5 миллиард сомдук мыйзам бузуу фактысын каттаган. Анын ичинен максатсыз колдонулган бюджеттик каражаттын эң жогорку суммасы Унаа жана жолдор министрлигине туура келет. Андан… Кененирээк…

Кубатбек Боронов премьер-министр болуп дайындалды

Кубатбек Боронов премьер-министр болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка  президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ал эми Бороновдун ордуна — биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбеков бекитилди. Өкмөт аппаратынын башчылыгына Таалайбек Темиралиев, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов келди. Башка кызматтардын… Кененирээк…