Балыкчы — Корумду унаа жолун курууда 1 миллиард сомдон ашык каражат максатсыз пайдаланылган

Балыкчы — Корумду унаа жолун курууда 1 миллиард сомдон ашык каражат максатсыз пайдаланылган.

Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдиргендей, былтыр мамлекеттик органдар 2,5 миллиард

сомдук мыйзам бузуу фактысын каттаган. Анын ичинен максатсыз колдонулган бюджеттик каражаттын

эң жогорку суммасы Унаа жана жолдор министрлигине туура келет. Андан кийинки сапта Бишкек мэриясы турат.

Бул иштер боюнча документтер укук коргоо органдарына өткөрүп берилип, тергөө иштери жүрүп жатат.