Бир нече өлкө Кыргызстандын карызын төлөө убактысын узартууга макул болду

Бир нече өлкө Кыргызстандын карызын төлөө убактысын узартууга макул болду.

Париж клубунун мүчөлөрү — Франция, Германия, Дания, Корея жана Япония Кыргызстандан

карызды алууну убактылуу токтотту, — деди премьер-министр Кубатбек Боронов.

Бүгүнкү күндө Сауд өнүктүрүү фонду менен Кувейт фондунун алдындагы карызды

убактылуу токтотуп туруу боюнча макулдашуу жетишилди. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында

54 миллион долларга жакын акча үнөмдөлөт. Бул каражат башка багыттарга жумшалат.

Белгилеп кетсек, Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард долларга жакын.

Анын 1,7 миллиард доллары Кытайдын Эксим банкынын алдында.