“Наполи” “Ювентусту” жеңип, Италиянын кубогун алтынчы ирет утту

“Наполи” “Ювентусту” жеңип, Италиянын кубогун алтынчы ирет утту. Беттештин негизги убактысында эсеп 0:0 боюнча аяктады. Регламентке ылайык, футболчуларга кошумча убакыт берилбей, 11 метр аралыктан пенальти дайындалды. Анда «Наполи» командасы 4:2 эсебинде атаандашын жеңип алды. Муну менен «Ювентус» 13-ирет кубоктун жеңүүчүсү болсо, «Наполи» командасында 6 кубок… Кененирээк…

Кыргызстандыктарга электроэнергияны үнөмдөө сунушталат

Кыргызстандыктарга электроэнергияны үнөмдөө сунушталат. “Электр станциялары” ишканасынын маалыматына ылайык, учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү мурдагы жылдарга салыштырмалуу азыраак. Бүгүнкү күндө өлкөнүн башкы резервуары 13 миллиард 240 миллион кубометрди түзөт. Былтыр эле 14,5 миллиард кубдан көбүрөөк болчу. Суунун чыгашасы республиканын ички муктаждыгынан көз каранды болсо,… Кененирээк…

Ош шаарынын тургундары жылуулук тармактарына 50 миллион сомдон ашык карыз

Ош шаарынын тургундары жылуулук тармактарына 50 миллион сомдон ашык карыз. Бул тууралуу “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, көп өлчөмдө карызы бар жана төлөмдөрдү көп убакытка чейин аткарбагандардан акчалар сот аркылуу өндүрүлөт. Бул багытта иштер жүрүп жатат. Карантинге байланыштуу керектөөчүлөрдүн карыздарына кошулган туумдар кыскартылып,… Кененирээк…

Америкада негизделген Spot роботу сатыкка чыкты

Америкада негизделген Spot роботу сатыкка чыкты. Буга чейин төрт буттуу жабдуу өндүрүштө гана колдонулу келсе, э ми аны каалоочулар да сатып алса болот. Баасы 74,5 миң доллар. Роботту алуу үчүн 8 жума мурда буйрутма берүү зарыл. Ал адамдардын күнүмдүк жумуштарын аткарууга жардам бере алат. Белгилеп… Кененирээк…

Ысык-Көлдө мөндүр жаады

Ысык-Көлдө мөндүр жаады. Жергиликтүү тургундардын айтымында, кечээ, кечки саат 5тер чамасында Бактуу-Дөлөнөтү айылында тоо тараптан чоң булут каптаган. Мындан кийин эле кар массалары түшө баштады. Эми жалпы чыгымдын суммасы эсептелиши керектелет.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Түп-Кеген” көзөмөл өткөрүү бекети иштеп баштайт

Кыргыз-казак чек арасындагы “Түп-Кеген” көзөмөл өткөрүү бекети иштеп баштайт. Өкмөттүн Ысык-Көл облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Түп районундагы Каркыра жайлоосу аркылуу жүк ташуучулар жана чет өлкөлүк туристтер келе алат. Ушул айдын соңуна чейин көзөмөл-өткөрүү түйүнүнө 3 контейнер орнотулат. Анда медицина кызматкерлери нөөмөттө болуп, жүргүнчүлөрдүн дене табы өлчөнөт.

Эми WhatsApp аркылуу акча которууга болот

Эми WhatsApp аркылуу акча которууга болот. Бирок бул функция азырынча Бразилияда гана иштеп жатат. Эми кардарлар тиркеме аркылуу товарды тандап гана эмес, ага акча да төлөй алат. Ал үчүн банктык картаны туташтыруу керектелет. Каражат кадимки эле сүрөт же файл катары тиркеп жөнөтүлөт. WhatsAppтагы акча которуулар… Кененирээк…

Кербен шаарынын кооптуу тилкелерине жол чырактар орнотулду

Кербен шаарынын кооптуу тилкелерине жол чырактар орнотулду. Калаа мэриясынан билдиришкендей, учурда көчөлөрдө 5 жол чырак пайда болду. Аларга жалпысынан 1 миллион 850 миң сом сарпталды. Буга чейин Кербен шаарында жол кыймылын көзөмөлдөөчү жабдуулар жок болчу.

Казань шаарындагы студенттердин тобу мекенге жеткирилди

Казань шаарындагы студенттердин тобу мекенге жеткирилди. Республикалык штабдан билдиришкендей,  Казань – Бишкек чартердик каттамы менен жалпысынан 182 жаран кайтарылды. Алардын 167си Россияда билим алган студенттер болсо, 15и катардагы жарандар. Учуп келгендердин бардыгы тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынды.

542 адам Кыргызстандын жарандыгын алды

542 адам Кыргызстандын жарандыгын алды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Ал эми 332 киши Кыргызстан жарандыгынан баш тартты. Белгилүү болгондой, жарандыкты кабыл алып жана андан чыккандардын басымдуу бөлүгү чоң адамдар.