Талас облусундагы базарлар жумасына 2 ирет жабылат

Талас облусундагы базарлар жумасына 2 ирет жабылат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев билдирди. Анын айтымында, дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү базарларда «санитардык күн» деп белгиленип, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Санитардык тазалоо иштерине өрт өчүрүүчүлөр жана сатуучулар өздөрү да тартылат. Өкүл белгилегендей, Таластагы дүкөндөр… Кененирээк…

Кыргызстан жарандарына Сеул – Бишкек – Сеул чартердик каттамы уюштурулду

Кыргызстан жарандарына Сеул – Бишкек – Сеул чартердик каттамы уюштурулду. Ал аркылуу Вьетнам жана Кореядагы 42 жаран алынып келинди. Мекенге кайтарылган дамдардын бары тиешелүү текшерүүдөн өтүү үчүн обсервацияга алынды. Чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды мекенге кайтаруу иштери улантылат.

Кыргызстан жарандарына өлкөдө эл аралык аба каттамдардын ачылышы жарыяланганга чейин чет өлкөлөрдөн билет албай туруу сунушталат

Кыргызстан жарандарына өлкөдө эл аралык аба каттамдардын ачылышы жарыяланганга чейин чет өлкөлөрдөн билет албай туруу сунушталат. Кеп, Түркиядан Кыргызстанга карата уюштурула турган аба жолдору тууралуу болуп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги эскертет. Маалыматка караганда, азырынча Кыргызстанда эл аралык аба каттамдардын жанданышы тууралуу маалымат бериле… Кененирээк…

Нарын облусунун Жумгал районунда сел жүрдү

Нарын облусунун Жумгал районунда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ катталган суу ташкыны Чаек айылындагы 16 үйдү каптады. Жерине 20 куткаруучу жана айыл тургундарынан 40 адам тартылды. Учурда жарандык коргоонун комиссиясы чыгымдарды эсептеп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Москвадагы парадга катышуудан баш тартты

Президент Сооронбай Жээнбеков Москвадагы пардга катышпайт. Өлкө башчы аппаратынан билдиришкендей, аны коштоп келген эки кишиден коронавирус аныкталды. Алгоритмге ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков, делегация мүчөлөрү жана коштоочу адамдар Москва шаарына келери менен COVID-19га тест тапшырышкан.

Президент Канттагы Россия базасы боюнча мыйзамга кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Кыргызстандагы бириккен аскердик базасынын макамы жана жайгашуу шарттары жөнүндөгү макулдашууга кошумча киргизүү тууралуу протоколдун ратификациясын бекиткен мыйзамга кол койду. Протоколго эки өлкөнүн башчылары 2019-жылдын 28-мартында орус президенти Владимир Путин Бишкекке келгенде кол коюшкан. Быйыл 11-июнда Жогорку Кеңеш аны дароо үч окууда… Кененирээк…

Кыргызстандыктарды чет өлкөлөргө жумушка орноштурууну убадалап, жасалма документтерди даярдагандар кармалды

Кыргызстандыктарды чет өлкөлөргө жумушка орноштурууну убадалап, жасалма документтерди даярдагандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти. Алардын кеңселеринин бирин текшерүүдө айдоочулук күбөлүктөр, Кыргызстан жарандыгынын паспорттору, жогору жана орто билим жөнүндө дипломдор, ошондой эле башка мамлекеттик маанидеги документтер табылды. Мындан тышкары, документтерди даярдай турган басмакана… Кененирээк…

2020-жыл тарыхтагы эң аптаптуу беш жылдын катарына кирет

Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюму (БДМУ) 2020-жыл тарыхтагы өтө ысык алдынкы беш жылдын катарына кирерин болжолдоп жатышат. Адистердин талдоосу учурдагы аба ырайына жана температура кескин көтөрүлгөн жылдардагы көрсөткүчтөргө негизделген. Аптаптын узак убакытка созулушуна ысыкты сактоочу парник газдарынын атмосферада кармалып турушу себеп болгонун изилдөөлөрдүн жыйынтыгы ырастаган.   «Европа… Кененирээк…

Чүйдө алты гектар арпа талаасы күйүп кетти

Чүй облусунда өрт кырсыгынан эгин талаасы жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Аламүдүн районунун Константиновка айылында 23-июнда кечке жуук башталган өрт арпа талаасын каптаган.   Натыйжада алты гектар чабыла элек арпа күйгөн.   Өрттүн себебин адистер тактап жатышат. Соңку бир сутка ичинде республиканын аймагында 13… Кененирээк…

Москвадагы Жеңиш парадынын көрүүчүлөрү ортосунда коопсуз аралык сакталат

Москвадагы Жеңиш парадынын көрүүчүлөрү ортосунда коопсуз аралык сакталат. РИА Новостинин маалыматына ылайык, Кызыл аянттагы эки трибуна 1 миң 89 адамды батыра алат.   Дагы бири 150 кишиге ылайыкташкан. Конокторду бири-бирине жакын тургузбай, алардын коопсуздугун сактоо максатында атайын белгилер түшүрүлдү. Майрамдык жүрүшкө 70 кыргызстандык жоокер дагы… Кененирээк…