Кыргызстандыктарды чет өлкөлөргө жумушка орноштурууну убадалап, жасалма документтерди даярдагандар кармалды

Кыргызстандыктарды чет өлкөлөргө жумушка орноштурууну убадалап, жасалма документтерди даярдагандар кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти. Алардын кеңселеринин бирин текшерүүдө

айдоочулук күбөлүктөр, Кыргызстан жарандыгынын паспорттору, жогору жана орто билим жөнүндө дипломдор,

ошондой эле башка мамлекеттик маанидеги документтер табылды. Мындан тышкары, документтерди даярдай

турган басмакана жана ага керектелүүчү материалдар аныкталды. Иликтөө иштеринин версиясы боюнча,

компания мигранттарга 20 миң сомго чет жерде колдоно турган жасалма документтерди жасап берип жүргөн.