Кыргызстан жарандарына өлкөдө эл аралык аба каттамдардын ачылышы жарыяланганга чейин чет өлкөлөрдөн билет албай туруу сунушталат

Кыргызстан жарандарына өлкөдө эл аралык аба каттамдардын ачылышы жарыяланганга чейин

чет өлкөлөрдөн билет албай туруу сунушталат. Кеп, Түркиядан Кыргызстанга карата уюштурула турган

аба жолдору тууралуу болуп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги эскертет.

Маалыматка караганда, азырынча Кыргызстанда эл аралык аба каттамдардын жанданышы

тууралуу маалымат бериле элек. Буга карабай чартердик каттамдар уюштурулууда.

Өлкөгө кайтууну каалагандар элчиликке жана консулдукка кайрылса болот. Белгилеп кетсек,

Түркия 22-июндан тартып Кыргызстанга учактарын жиберүүгө даяр экени маалым болгон.