Президент Канттагы Россия базасы боюнча мыйзамга кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Кыргызстандагы бириккен аскердик базасынын макамы жана

жайгашуу шарттары жөнүндөгү макулдашууга кошумча киргизүү тууралуу протоколдун ратификациясын бекиткен мыйзамга кол койду.

Протоколго эки өлкөнүн башчылары 2019-жылдын 28-мартында орус президенти Владимир Путин Бишкекке келгенде

кол коюшкан. Быйыл 11-июнда Жогорку Кеңеш аны дароо үч окууда колдоп берген.

Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасына бир нече объект кирет. Алар Кант шаарындагы «Кант» авиабазасы,

Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдыбар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт.

Мурда бул объекттердин ар бири өзүнчө каралып келген, бирок 2012-жылы макулдашууга кол коюлуп, Кыргызстан менен

Орусия аларды бирдиктүү орус базасына бириктирүүнү макулдашкан.

Протоколго ылайык, базанын аянты 924,52 гектар деп жазылды, бул 2012-жылдагы макулдашууда жазылгандан

58,32 гектарга көп. Ошого жараша орус тараптын базанын ижарасы үчүн төлөөчү акысы да жылына 291 миң 600 долларга

көбөйөт. Азыр жыл сайын 4 млн 502 миң 495 доллар төлөнүүдө. Орусия 2012-жылдан берки айырманы да төлөп берүүгө макул.