Москвадагы Жеңиш парадынын көрүүчүлөрү ортосунда коопсуз аралык сакталат

Москвадагы Жеңиш парадынын көрүүчүлөрү ортосунда коопсуз аралык сакталат. РИА Новостинин маалыматына ылайык, Кызыл аянттагы эки трибуна 1 миң 89 адамды батыра алат.

 

Дагы бири 150 кишиге ылайыкташкан. Конокторду бири-бирине жакын тургузбай, алардын коопсуздугун сактоо максатында атайын белгилер түшүрүлдү. Майрамдык жүрүшкө 70 кыргызстандык жоокер дагы катышат.