Кыргызстан төө буурчакты 25 өлкөгө экспорттойт

Кыргызстан өндүргөн төө буурчагын Түркияга сатат деп эсептелип келет. Бирок маалыматтарда Түркияга болгону 10 пайызы гана тиет. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстан ушул жылдын төрт айында 60 миң тоннадан ашык төө буурчак экспорттогон. Жалпысынан буурчактын үч түрү сатылган. 2,2 миң тонна майда кызыл төө… Кененирээк…

КОВИД-19 менен күрөшүүгө медициналык университеттин окутуучулары жана акыркы курстагы студенттер тартылат

КОВИД-19 менен күрөшүүгө медициналык университеттин окутуучулары жана акыркы курстагы студенттер тартылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдыкаримов билдирди. Анын айтымында, айрым медицина кызматкерлери вирус жуктуруп алгандыктан, алардын орундары бош калууда. учурда университеттердин ректорлору менен сүйлөшүүлөр жүрүп, сабактар уюштурулду. Эми окутуучулар жана ординаторлор ишке тартылып,… Кененирээк…

Өлкөгө кайрадан карантин режимин киргизип, кырдаал күч менен көзөмөлдөнбөйт

Өлкөгө кайрадан карантин режимин киргизип, кырдаал күч менен көзөмөлдөнбөйт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков билдирет. Анын айтымында, Республикада өзгөчө кырдаал режими азыркыга чейин алына элек. Экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берилгени менен санитардык чектөөлөр алынган жок. Андыктан жарандар жана ишкерлер эпидемиологиялык коопсуздуктун бардык нормаларын катуу сактоого милдеттүү.

Кыргызстанда дары-дармектер жетиштүү деңгээлде

Кыргызстанда дары-дармектер жетиштүү деңгээлде. Ордо калаада препараттардын дефицити бар деген маалымат чындыкка дал келбейт, — дешти Саламаттыкты сактоо министрлигинен. Маалыматка ылайык, өлкөгө дары-дармектерди жеткирүүчүлөрдө да запас жетиштүү. Андыктан тынчсызданууга негиз жок. Ведомстводон белгилешкендей, буга карата премьер-министр дары каражаттарынын баасын бир калыпта кармап туруу тапшырмасын берди.

Клиникалар бейтапты кабыл алуудан баш тартпайт

Клиникалар бейтапты кабыл алуудан баш тартпайт КОВИД-19га чалдыккандарды жакындары ооруканага алып келсе болот. Буга Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев ишендирүүдө. Анын айтымында, тез жардам унаалары жетишпей жатканына байланыштуу жарандар вируска чалдыккан жакын адамдарын жеке унаада стационарга жеткирсе болот. Чиновник белгилегендей, бейтаптарды ооруканага жаткыруу… Кененирээк…

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавирус жуктуруп алгандыктан аралыктан иштеп жатат

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавирус жуктуруп алгандыктан аралыктан иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта анын ПЧР анализинен коронавирус инфекциясы табылганы, оорусу жеңил өтүп жатканы айтылды. Вирус жуккандар менен байланышта болгону үчүн өкмөттүк аппараттын жетекчиси Таалайбек Темиралиев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат… Кененирээк…

Японияда бир гана позитивдүү комментарий калтырууга мүмкүн болгон соцтармак иштелип чыкты

Японияда бир гана позитивдүү комментарий калтырууга мүмкүн болгон соцтармак иштелип чыкты. Under World аталышындагы тиркеменин негиздөөчүлөрү бир катар атайын нейротармактарды  иштеп чыкты. Алар колдонуучуларды постторго оң комментарий жазууга үндөйт. Мисалы адам чарчагандыгы тууралуу жазса, жасалма интеллект ага жылмайып жүрүү керектигин жана эс алууну сунуштайт. Мындай… Кененирээк…

Ош шаарынын Манас-Ата кичи районуна аллея курулуп, көчөлөрү оңдолот

Ош шаарынын Манас-Ата кичи районуна аллея курулуп, көчөлөрү оңдолот. Бул тууралуу мэр Таалайбек Сарыбашов билдирди. Анын айтымында, алгач иштерге жолтоо болгон мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлөт. Ал эми жаңыдан курулуп жаткан спорт комплекс жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Көрүүчүлөр үчүн 200 орундук коюлуп, спорттук мелдештердин өтүүсүнө шарт түзүлөт.

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот

Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот. “Түндүк электр” ишканасынын маалыматына ылайык, бүгүн кечки саат 6га чейин Тимур Фрунзе, Ибраимов, Шопоков, Чүй, Жумабек, Горький, Анкара, Щербаков көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Чыгыш-5 кичирайонунда, Ак-Өргө, Ак-Ордо, Рухий-Мурас, Ак-Босого жана Жеңиш конуштарында электр энергиясы берилбейт. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге… Кененирээк…

Талас облусунун Кара-Буура районуна таза суу системасы тартылып жатат

Талас облусунун Кара-Буура районуна таза суу системасы тартылып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү администрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Аманбаев айылында жумуштар 35 пайызга аткарылды. Долбоорго республикалык бюджеттен 103 миллион сом каралган. Күтүлгөндөй, муну менен айылдын 7,5 миң тургунунун таза суу көйгөйү чечилет.