Талас облусунун Кара-Буура районуна таза суу системасы тартылып жатат

Талас облусунун Кара-Буура районуна таза суу системасы тартылып жатат.

Бул тууралуу жергиликтүү администрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык,

учурда Аманбаев айылында жумуштар 35 пайызга аткарылды. Долбоорго

республикалык бюджеттен 103 миллион сом каралган. Күтүлгөндөй,

муну менен айылдын 7,5 миң тургунунун таза суу көйгөйү чечилет.