Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавирус жуктуруп алгандыктан аралыктан иштеп жатат

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавирус жуктуруп алгандыктан аралыктан иштеп жатат.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта анын ПЧР анализинен коронавирус инфекциясы табылганы, оорусу жеңил өтүп жатканы айтылды.

Вирус жуккандар менен байланышта болгону үчүн өкмөттүк аппараттын жетекчиси Таалайбек Темиралиев,

маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов

жана транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов обочолонуп иштеп жатышат.