Кара-Балта шаарындагы спирт заводу ишке кирет

Кара-Балта шаарындагы спирт заводу ишке кирет. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 6 жылдан бери иши токтоп турган завод толук ремонттон өтүп, ачылуу алдында. Ишкана директору Таалайбек Далбаевдин айтымында, заводдон чыккан продукция 100 пайыз Россияга экспорттолот. Бул үчүн Россиянын Коргоо министрлигинин ишканалары менен келишим түзүлдү. Эми… Кененирээк…

Консулдук кызмат департаменти жарандарды кабыл алууну убактылуу токтотту

Консулдук кызмат департаменти жарандарды кабыл алууну убактылуу токтотту. Бул эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, — дешти Тышкы иштер министрлигинен. Эгерде зарыл себептер менен өлкөгө киргенге же чыкканга туура келсе шилтеме аркылуу «Кыргыз консул» мобилдик тиркемесин көчүрүп, «Байланыш» функциясын басуу керек. Ошондой эле өлкөгө кирүү зарылдыгын тастыктаган документтердин… Кененирээк…

«Бишкек-Ош» унаа жолунун «Маданият – Жалал-Абад» тилкесин асфальттоо иштери башталды

«Бишкек-Ош» унаа жолунун «Маданият – Жалал-Абад» тилкесин асфальттоо иштери башталды. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иштерди азербайджандык компания алып барат. Каржылоо Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан. Муну менен жалпысынан 67 чакырым жолду оңдоп-түзөө пландалды. Эске салсак, курулуш иштери 2018-жылы башталган. Айрым себептерден улам иштер көп өтпөй токтоп… Кененирээк…

Бишкектин Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борбору 15 унаа менен толукталды

Бишкектин Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борбору 15 унаа менен толукталды. Реанимациялык унаалар жасалма дем алдыруучу жана башка жабдуулар менен толук камсыздалган. Бул жеринде медициналык ыкчам жардам көрсөтүүгө шарт түзөт. Мындан тышкары Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет мобилдик бригадалар үчүн 5 беш унаа берди. Жыйынтыгында 118… Кененирээк…

Кыргызстанда медициналык кызматкерлердин кадрлар резерви түзүлдү

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу медициналык кызматкерлердин кадрлар резерви түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, ага жалпысынан 870 адис өлкөнүн ар аймагынан тартылды. Медициналык кызматкерлердин бары аралыктан атайын курстан өтөт. Аларды окутуу үчүн стационарларда жана ЖОЖдордун кафедраларынын базасында практикалык сабактар уюштурулат.